Кыргызстандын курама командасы Ташкентте өткөн 38-Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI 2026) тарыхый жыйынтык көрсөттү.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 9–16-август аралыгында өткөн олимпиадага 97 өлкөдөн окуучулар катышты.
Кыргызстандын командасынын төрт мүчөсү тең медаль тагынды. Өлкө жалпы 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
Медаль алган окуучулар:
Рамазан Мананов — “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;
Алихан Айдарбеков — “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;
Абдуллахан Абдирасулов — “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;
Ян Бобрус — “Газпром Кыргызстан” мектеби.
Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул өлкөнүн Эл аралык информатика олимпиадасына катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык көрсөткүч болуп калды.



