Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлүнүн жана Көк-Кыя аймагынын жээктеринде тазалык иштери жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, тазалоого Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагындагы жарандар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги таштандылар чогултулуп, аймактын санитардык абалы жакшыртылды.
Министрлик буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суудагы таштандылар тууралуу маалыматтар тараганын билдирди. Адистердин айтымында, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, айрым таштандылар жээкке сүрүлүп чыккан.


