Грециянын Саламин аралында чыккан токой өртүнүн кесепеттери иликтенип, келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Өрттөн эки адам каза болуп, дагы тогуз киши күйүк алган.
Өрт аралдын Перистерия жана Селинион аймактарында катталган. Катуу шамалдын айынан жалын тез жайылып, үйлөр, унаалар жана башка курулуштар жабыркаган.
Өрт күч алган учурда кооптуу аймактардан 593 адам деңиз аркылуу эвакуацияланган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр, атайын техника, учактар жана тик учактар тартылган.
Учурда негизги өрт очоктору көзөмөлгө алынып, аймакта кайрадан өрт тутанбашы үчүн күзөт күчөтүлдү. Бийлик өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат.



