Башкы беткеМинистрлер кабинетиТаластагы "Акылман" президенттик лицейи жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алат

Таластагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алат

18-августта Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинин ачылышына даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр лицейдеги курулуш иштерин жана окуу кабинеттеринин даярдыгын көрүп чыкты.

Кендирбаева педагогдорду конкурстук негизде тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп, лицейде билим берүүнүн сапатын камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Жаңы окуу жылында лицейдин Таластагы филиалы 7–8-класстарга кабыл алынган 96 окуучуну кабыл алат.

Окуу жай жалпы 920 окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле лицейде 168 орундуу жатакана каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар