Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанга Кытайдан күйүүчү май алынып келинет

Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү май алынып келинет

Кыргызстандык мунай компаниялары Кытайдан күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо боюнча Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (CNPC) менен келишимдерге кол коюшту.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Акунбеков CNPCнин башкы директору Ло Ичжоу менен жолугуп, Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү көбөйтүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда CNPCге караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу мунай продуктуларын Кыргызстанга жеткирүүнүн логистикасы, чек арадан өткөрүү жол-жоболору жана ташууларды уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле күйүүчү май ташыган унааларды чек ара өткөрмө бекеттеринен ыкчам өткөрүү жана жүк ташуучу айдоочуларга визаларды тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар талкууланды.

Эрлист Акунбеков эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүдө товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, кыргызстандык ишкерлердин делегация курамына киргизилиши жаңы келишимдерди түзүүгө жана мунай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Өз кезегинде CNPCнин башкы директору Ло Ичжоу Кыргызстан менен энергетикалык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Ал чек арадагы бажы жол-жоболорун жакшыртуу жана Кытай–Кыргызстан ортосунда ишенимдүү, үзгүлтүксүз энергетикалык логистикалык коридор түзүү боюнча биргелешкен иш алып барууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мунай продуктуларын жеткирүү жана энергетикалык логистика жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган конкреттүү макулдашуулар жетишилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар