Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогунун ээси аныкталды. Финалдык беттеште Каракол шаарынын “Барс” клубу Бишкектин “Дордой” командасын 2:0 эсебинде жеңип, өлкөнүн Суперкубогун утту.
Беттеш “Алга” спорт комплексинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өттү.
Оюн алдында Адылбек Касымалиев “Алга” клубунун музей бурчу жана быйыл пайдаланууга берилген жаңы гибриддик машыгуу талаасы менен таанышты.
Жаңы талаа Нидерланддын “Sport Pitch Systems” BV компаниясы менен биргеликте курулуп, долбоорго 300 миң евродон ашык каражат жумшалган. Жаңы аянтча машыгуу иштеринин сапатын жогорулатып, талаанын интенсивдүү жүктөмгө туруктуулугун камсыздайт.
Мындан тышкары, “Алганын” тарыхый мурасын сактоо максатында спорттук базанын мейманкана комплексинде клубдун музей бурчу ачылган.
Беттештин жыйынтыгында “Барс” 2:0 эсебинде жеңишке жетип, 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун өз тарыхында биринчи жолу жеңип алган команда болду.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды беттеш аяктагандан кийин Адылбек Касымалиев тапшырды.



