Башкы беткеМинистрлер кабинетиУлан Маматканов мамлекеттик тил саясаты боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

Улан Маматканов мамлекеттик тил саясаты боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы менен таанышты.

Ал Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана анын карамагындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун, Окуу-маалымат жана котормо борборунун, ошондой эле “Кыргыз тили” гезитинин редакциясынын жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда мамлекеттик тилди окутуу жана жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо, терминологиялык базаны кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды даярдоо, котормо жана редакциялоо иштеринин сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Улан Маматканов “Кыргызтесттин” тестирлөө борборунун иши менен да таанышты. Борбордо жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли бааланат.

Жыйында тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин мамлекеттик тил боюнча тестирлөөдөн өтүүгө болгон суроо-талап кыйла өскөнү белгиленди. Ушуга байланыштуу тестирлөөнү калк үчүн жеткиликтүү кылуу, борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн практикалык ыкмаларын көбөйтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин иш жүзүндө колдонуу деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, терминологиялык жана котормо иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча бир катар милдеттер белгиленди.

Ошондой эле “Кыргыз тили” гезитинин ишин өркүндөтүү маселесине көңүл бурулду.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасына мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоону күчөтүү жана комиссиянын түзүмдүк мекемелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар