Башкы беткеДүйнөАКШнын мамлекеттик карызы биринчи жолу 40 триллион доллардан ашты

АКШнын мамлекеттик карызы биринчи жолу 40 триллион доллардан ашты

АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 40 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына таянган эл аралык басылмалар жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 18-августтагы иш күнүнүн жыйынтыгында өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 40,05 триллион долларды түзгөн. Буга чейин карыз 30 триллион доллардык чектен 2022-жылы, ал эми 39 триллион доллардан 2026-жылдын март айында ашкан.

Карыздын өсүшү АКШнын бюджетиндеги тартыштык, мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшү жана карызды тейлөөгө кеткен пайыздык төлөмдөрдүн жогорулашы менен байланыштуу.

Карыздын жаңы рекорду катталган учурда АКШнын Каржы министрлиги узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра сатып алуу программасын кеңейтти. Бул чара узак мөөнөттүү карыз алуу чыгымдарын азайтууга жана облигациялар рыногундагы басымды басаңдатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар