VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн спортчулардан арыз түштү. Алардын арасында Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Индия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Россия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттер бар.
Уюштуруу комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы оюндарга 3 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Спортчулардын маалыматтары оюндун расмий сайтындагы электрондук аккредитациялоо системасы аркылуу кабыл алынган.
Буга чейин Уюштуруу комитети дүйнөнүн 100 өлкөсүнө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга расмий чакыруу жөнөткөн.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 42 түрү киргизилген.
Оюндардын ачылыш аземи 31-августта өтүп, ага катышкан өлкөлөрдүн спорттук делегациялары салтанаттуу парадга чыгат. Командалар парад учурунда бирдиктүү улуттук форма кийип чыгышат.



