Бишкекте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары чыгарылды.
Шаар ишканалары 76 млрд 4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүп, физикалык көлөмдүн индекси 116,1% түздү. Бул республикадагы жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 16,9%ына барабар.
Курулуш тармагында да өсүш байкалды. Алты айда курулуштун дүң продукциясы 54 млрд 920 млн сомго жетип, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн. Ал эми рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 777 млрд 799 млн сомду түзүп, өсүү темпи 9,1% болду. Бишкек бул көрсөткүч боюнча өлкөдөгү жалпы көлөмдүн 64,3%ын камсыздады.
Шаарда мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүү пландалууда. «100 өнөр жай ишканасы — 2026» долбоорунун алкагында борбор калаада төрт жаңы өндүрүш ишканасын ишке киргизүү каралган.
Жарандардын кирешесинде да өсүш бар. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкекте орточо номиналдык айлык акы 64 миң 293 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 23%га көбөйгөн.
Ошол эле учурда керектөө бааларынын индекси былтыркыга салыштырмалуу 110,1% түздү.




