Башкы беткеКоомБишкектин бюджетинин кирешеси беш жылда 5,6 эсеге өстү

Бишкектин бюджетинин кирешеси беш жылда 5,6 эсеге өстү

Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү акыркы беш жылда дээрлик 5,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында маалымдалды.

2026-жылга шаардын бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт. Жылдын биринчи алты айында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1% аткарылган. Башкача айтканда, пландан 3 млрд сомго көп каражат түшкөн.

Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3% аткарылган.

Мэрия бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу негизги багыттардын бири экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар