Ысык-Көлдө 1–6-сентябрь күндөрү өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү акысыз болсо, башкаларына билеттер 500 сомдон 4 миң сомго чейин сатылат.
Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна көрүүчүлөр акысыз кире алат.
Ал эми “Рух Ордо” маданий борборунда, “Дордой Номад” амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сом болот.
Чолпон-Атадагы жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерди көрүү үчүн билет 1 миң сом турат.
Оюндардын жабылыш аземине кирүү билеттери секторго жараша бааланат:
борбордук жашыл сектор — 4 миң сом;
ак сектор — 3 миң сом;
кызыл сектор — 2 миң сом;
сары сектор — 1 миң сом;
көк сектор — 500 сом.
Билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн сатып алууга болот. Ошондой эле билеттер расмий кассаларда сатылат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт.



