Башкы беткеМаданиятРоссиялык журналисттер Кыргызстандагы таанышуу пресс-турун улантууда

Россиялык журналисттер Кыргызстандагы таанышуу пресс-турун улантууда

Бүгүн россиялык журналисттер “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына барышып, уникалдуу жаратылыш ландшафттары менен таанышып, ошондой эле капчыгайдын жана айланасындагы тоо кыркаларынын кооз көрүнүштөрүн ачып көрсөткөн асма жол менен көтөрүлүштү.

Пресс-турдун программасынын алкагында россиялык журналисттер Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) барышты. Журналисттер “Ала-Тоо 24”, “Баластан” жана “Спорт” телеканалдарынын студияларын көрүп, заманбап телеконтентти даярдоо ыкмалары менен таанышты.

Мындан тышкары, делегация “Номад” телеканалына барып, редакциянын ишмердүүлүгү, контенттик саясатынын өзгөчөлүктөрү жана өлкөдөгү актуалдуу окуяларды жана маданий турмушту чагылдырууга багытталган каналдын заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты.

Пресс-турга Россиянын “Первый канал”, “Россия 1”, НТВ, RT, “Известия” ММБ, “МИР”, ТАСС, “Россия сегодня”, “Интерфакс”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда”, URA.RU. ЖМКларынын өкүлдөрү катышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар