Башкы беткеМаданиятЭл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салды

Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев 93 жаш курагында каза болду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматында, Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 225-августта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген. Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар