Башкы беткеКоомКара-Сууда электр энергиясын эсепке алуунун жаңы системасы киргизилүүдө

Кара-Сууда электр энергиясын эсепке алуунун жаңы системасы киргизилүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-августтан тартып электр энергиясын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу башталды.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» билдиргендей, 2026-жылы Ош электр тармактары ишканасынын аймагында акылдуу эсептегичтерди толук орнотуп бүтүрүү пландалууда.

Жаңы эсептегичтерди сатып алуу же орнотуу үчүн абоненттер кошумча каражат төлөбөйт. Жабдуулардын жана монтаж иштеринин чыгымдарын компания өзү каржылайт.

АСКУЭ системасы электр энергиясын керектөө боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө алууга, эсептегичтерди аралыктан көзөмөлдөөгө жана алардын техникалык абалын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле система бузулууларды аныктап, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жардам берет.

Маалыматтарды башкаруу үчүн MDM тиркемеси колдонулат. Анын жардамы менен адистер акылдуу эсептегичтерден келген маалыматтарды алыстан көзөмөлдөп, алардын абалын ыкчам текшере алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар