Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандарды онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы корей тили боюнча тестирлөөгө катышуу үчүн онлайн каттоо ачылды. EPS программасынын талаптарын ийгиликтүү аткарган кыргызстандыктар Түштүк Кореяда мыйзамдуу ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.
Талапкерлер корей тили боюнча билимин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүдөн өтүшөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, талапкерлердин маалыматтары жумуш берүүчүлөр тандай турган жумуш издөөчүлөрдүн реестрине киргизилет.
Катталуу үчүн Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун расмий сайтына кирип, документтерди электрондук түрдө тапшыруу зарыл.
Документтер так жана даана көрүнүшү керек. Төлөм жүргүзүлгөнү тууралуу квитанцияны сактап, тестирлөө күнү көрсөтүү талап кылынат.
Ошондой эле бир жаран бир гана жолу арыз бере алат. Кайталанып берилген арыздардын баары жокко чыгарылат.



