Башкы беткеМаданиятЧоң-Сары-Ой айылында убактылуу акысыз интернет байланышы берилет

Чоң-Сары-Ой айылында убактылуу акысыз интернет байланышы берилет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын сапаттуу өткөрүү үчүн Ысык-Көлдөгү байланыш инфраструктурасын даярдоо иштери күчөтүлүүдө.

21-августта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде телекоммуникациялык кызматтарды камсыз кылуу боюнча «Кыргызтелеком» жана «ЭлКат» менен келишимдерге кол коюлду.

«Кыргызтелеком» менен түзүлгөн келишимдин алкагында Чоң-Сары-Ой айылындагы атайын объектке убактылуу акысыз интернет байланышы берилет. Алгач байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу жана техникалык даярдыгы тесттен өткөрүлөт.

Мындан тышкары, «Кыргызтелеком» оюндардын техникалык өнөктөшү катары маалыматтык камсыздоого көмөктөшөт.

Ал эми «ЭлКат» менен түзүлгөн келишим боюнча мелдештер өтүп жаткан мезгилде тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтары көрсөтүлүп, техникалык колдоо камсыздалат.

Туруктуу байланыш спортчулар, коноктор, журналисттер жана уюштуруучулар үчүн маанилүү шарт болуп саналат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар