“Кыргызалтын” ААК 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 33 млрд сом таза киреше тапты.
Компаниянын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ал эми алты айдагы таза киреше компаниянын 2025-жылдагы жылдык көрсөткүчүнөн да 1,8 эсеге жогору.
Өткөн жылы «Кыргызалтындын» таза кирешеси 18,7 млрд сом болгон. Демек, 2026-жылдын алты айында компания былтыркы жылдык көрсөткүчтөн 14,3 млрд сомго көп киреше тапкан. Компания бул өсүштү ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык туруктуулукту бекемдөө жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү менен байланыштырууда.
Алдыдагы үч жылда «Кыргызалтын» жалпы баасы 1 млрд доллардан ашкан бир катар стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Алардын арасында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.
Долбоорлордун негизги максаты — өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү, жаңы кендерди ишке киргизүү жана компаниянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү.



