Башкы беткеМаданиятСултан Раев "Топон" романы үчүн "Алтын калем" эл аралык сыйлыгына татыды

Султан Раев “Топон” романы үчүн “Алтын калем” эл аралык сыйлыгына татыды

Кыргызстандык жазуучу Султан Раев “Топон” романы үчүн “Алтын калем” эл аралык адабий сыйлыгына татыды. Бул тууралуу маалыматта айтылат.

“Алтын калем” сыйлыгы жыл сайын орус тилинде жарык көргөн мыкты чыгармалар үчүн ыйгарылат. Сыйлык Москвадагы эл аралык адабий коомчулуктун чечими менен калыстар тобу тарабынан тапшырылат.

Султан Раевдин “Топон” романы буга чейин бир катар чет тилдерге которулуп, италия, венгр, орус, азербайжан, казак жана өзбек тилдеринде жарык көргөн.

Мындан тышкары, чыгарма Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта Гран-приге ээ болгон. Жазуучу ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрих Сенкевичтин атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

Буга чейин “Алтын калем” эл аралык сыйлыгына АКШ, Германия, Франция, Кытай жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучулары татыган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар