Башкы беткеКоомКамсыздандыруу уюму мектептин чатырын оңдоого 2,2 млн сом бөлдү

Камсыздандыруу уюму мектептин чатырын оңдоого 2,2 млн сом бөлдү

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Ново-Покровка айылындагы Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатырын оңдоого 2 млн 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү.

Маалыматка ылайык, мектептин чатыры 10-июнда катуу шамалдан жабыркаган. Окуя боюнча тиешелүү документтер даярдалып, камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн арыз берилген.

Кийинчерээк, 27-июнда катуу шамалдан чатыр кайрадан жабыркап, бул окуя өзүнчө камсыздандыруу учуру катары катталган.

Тиешелүү материалдар каралып чыккандан кийин камсыздандыруу компаниясы мектепке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы 2,2 млн сомдон ашык төлөм жүргүзгөн.

Жусуп Абдрахманов атындагы мектеп Чүй облусунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу Ново-Покровка айылында жайгашкан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар