Башкы беткеКоом27-августта Бишкектин түштүк бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

27-августта Бишкектин түштүк бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

27-августта Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу саат 09:00дөн 21:00гө чейин 9-кичи райондун бир бөлүгүндө, Малдыбаев, Сүйөркулов, К. Тыныстанов жана И. Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта болбойт.

Суу берүү диаметри 200 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштерине байланыштуу токтотулат.

Мэрия тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Муниципалитет убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар