27-августта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат.
Көргөзмөнүн ачылыш аземи саат 14:00дө башталат. Иш-чара Борбордук Азия университетинин “Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз” долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Экспозицияга музейдин фондунда сакталган Үркүн темасындагы көркөм чыгармалар жана долбоордун алкагында чогултулган оозеки тарыхтардын негизинде даярдалган инсталляциялар коюлат.
Көргөзмөнүн негизги өзгөчөлүгү — Үркүн окуяларын тарыхый маалыматтар менен катар элдин эс тутумунда сакталып калган эскерүүлөр аркылуу чагылдыруу. Экспонаттарда ошол мезгилдин тарыхый издери жана муундан муунга өтүп келген окуялар тууралуу эскерүүлөр көркөм формада берилет.
Көргөзмөнүн автору жана арт-куратору — Замира Батырбекова. Долбоорго Кулайым Батырбекова жана Акзыйнат Шеримбек кызы катышкан.



