25-августтан тартып “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Монета VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. Ал кыргыз элинин улуттук маданий мурастарын сактоо жана кеңири жайылтуу максатында чыгарылган.
“Тайган жарыш” — кыргыз элинин байыркы салттуу мелдештеринин бири. Тайгандар катышкан жарыштар илгертен бери элдик майрамдарда өткөрүлүп келген. Бүгүнкү күндө бул мелдеш өзүнүн маанисин сактап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий программасына киргизилген.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен кошо атайын кутуга жайгаштырылган.
“Тайган жарыш” коллекциялык монетасын Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан 8 миң 900 сомго сатып алууга болот. Сатуу иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.



