Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-августта кол койгон.
Маалыматка ылайык, Токой кызматы менен бирге анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүлөт.
Эми министрлик токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча иштерге жооп берет. Ошондой эле анын ыйгарым укуктарына токой кадастрын жүргүзүү, токойлорго мониторинг жана инвентаризация жүргүзүү, токой кыюуга жана башка токой пайдалануу иштерине уруксат берүү кирет.
Мындан тышкары, министрлик токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюудан, зыянкечтерден жана оорулардан коргоо, ошондой эле токой чарбасына инвестиция тартуу багыттарында иш алып барат.
Кайра уюштуруудан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигинин штаттык саны 2 миң 136 кызматкерди, Өзгөчө кырдаалдар министрлигиники 5 миң 122 кызматкерди түзөт. Бул көрсөткүчтөргө борбордук аппараттар, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр кирет.
Эске салсак, Токой кызматы буга чейин Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2024-жылдын март айында кызмат ӨКМдин карамагына өткөрүлгөн.
2025-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Токой кызматын кайрадан ӨКМдин курамынан чыгаруу сунушун көтөрүшкөн. Алар ӨКМ үчүн өзгөчө кырдаалдар менен катар токой чарбасын өнүктүрүү милдетин аткаруу оор экенин белгилешкен. Токой чарбасы боюнча өзүнчө агенттик түзүү маселеси да талкууланган.



