Мамлекеттик колдоо жана «Кыргызалтын» ААКнын натыйжалуу башкаруусунун натыйжасында «Макмал Голд Компани» комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы таза пайдасы 126 млн сомду түзгөн.
Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгында ишкананын пайдасы 741 млн сомго жеткен. 2026-жылдын биринчи алты айында комбинат 609 млн сом пайда тапкан.
Учурда ишканада өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, техникалык базаны жаңылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле өндүрүштүк жабдуулар жаңыртылып, технологиялык процесстер өркүндөтүлүүдө.
Ишкананын маалыматына караганда, жүргүзүлүп жаткан иштер өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштүк потенциалды бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
«Макмал Голд Компани» бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы негизги ишканалардын бири болуп саналат. Ишкананын ишмердиги жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда.



