Башкы беткеКоом«Манас» аэропорту 31-август жана 1-сентябрда өзгөчө режимде иштейт

«Манас» аэропорту 31-август жана 1-сентябрда өзгөчө режимде иштейт

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иш режимине өтөт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.

Мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу жана тейлөө максатында жүргүнчүлөрдү ташуучу айрым каттамдарга убактылуу чектөө киргизилет.

31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин, ал эми 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин күчүндө болот.

Аэропорт толугу менен жабылбайт. Чектөө колдонулбаган убакта, анын ичинде түнкүсүн жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды тейлөө улантылат.

«Кыргызстан аэропорттору» авиакомпаниялар менен каттамдардын ырааттамасын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Жүргүнчүлөргө сапар алдында өз каттамынын статусун авиакомпаниядан тактап, учуп келүү жана учуп кетүү убактысындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алуу сунушталды.

Убактылуу чектөөлөр расмий делегацияларды кабыл алуу жана саммит учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар