Башкы беткеКоомКөк бөрү жана көкпарды көрүүчүлөр спортчулардын көзү менен көрө алышат

Көк бөрү жана көкпарды көрүүчүлөр спортчулардын көзү менен көрө алышат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда көрүүчүлөр көк бөрү жана көкпар мелдештерин спортчулардын көзү менен көрө алышат. Бул үчүн улакчылардын баш кийимдерине POV-камералар орнотулуп, оюндар биринчи жактан тартылат.

Жаңы технологиянын жардамы менен көрүүчүлөр оюндун ылдамдыгын, серкенин талашын жана спортчулардын бетме-бет күрөштөгү эмоцияларын түздөн-түз оюн талаасынан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Маалыматка ылайык, технологияны “Nomad TV” жана Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы биргеликте ишке киргизди.

Эске салсак, көк бөрү боюнча мелдештер 2–6-сентябрь күндөрү атайын аренада өтөт. Көкпар оюндары күн сайын саат 09:00дөн 11:00гө чейин, ал эми көк бөрү боюнча беттештер 14:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат.

Мелдештердин финалдык оюндары 6-сентябрда өтөт:

11:00–13:00 — көкпар боюнча финал;

14:00–16:00 — көк бөрү боюнча финал.

2–5-сентябрда мелдештерди көрүү акысыз болот. Ал эми 6-сентябрдагы финалдык оюндарга бирдиктүү билет талап кылынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар