Чүй облусунун Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтө турган адистештирилген райондук муниципалдык ишкана түзүлөт.
Бул маселе боюнча координациялык кеңешме өтүп, ага Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бекмаат Масаидов, айыл өкмөттөрдүн башчылары, айыл кеңештеринин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү адистер катышты.
Жыйында жаңы райондук кызмат көрсөтүүчүнүн иш модели, каржылоо механизмдери жана суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугун сактоо менен өткөрүп берүү тартиби түшүндүрүлдү.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар муниципалдык ишкана түзүү демилгесин колдошту. Зарыл документтерди даярдоону баштоо, маселени айыл кеңештеринин сессияларында кароо жана айыл өкмөттөр менен жаңы муниципалдык ишкананын ортосунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди этап-этабы менен түзүү чечими кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, ушундай райондук кызмат көрсөтүүчү ишканалар Кыргызстандагы сегиз райондо түзүлөт.
Панфилов районунда жаңы ишкананын түзүлүшү суу секторундагы реформанын маанилүү баскычы катары каралууда. Ал жергиликтүү тургундарга ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын сапатын, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды суу кызматтары менен камсыз кылууга багытталган «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын биринчи фазасы ишке ашырылууда.
Программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот.



