Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Тиешелүү чечим Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган.
Мурунку машыктаруучу Роберт Просинечки менен кызматташууну токтотуу чечими тараптардын өз ара макулдашуусу менен кабыл алынганы айтылды. Хорватиялык адис улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматына 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.
Жаңы башкы машыктыруучуга улуттук курама команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын А категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Ал буга чейин Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын «Талант» клубун жетектеген.



