Башкы беткеМинистрлер кабинетиСаламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө саламаттык сактоо системасынын даярдыгын көзөмөлдөөдө.

Министрликтин маалыматына караганда, мониторингдин жүрүшүндө оюндардын катышуучуларына, конокторуна жана көрүүчүлөрүнө медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө медициналык уюмдардын даярдыгы бааланууда.

Ошондой эле тез медициналык жардам кызматтарынын ишин уюштуруу, медициналык мекемелердин керектүү дары-дармек жана жабдуулар менен камсыз болушу, медицина кызматкерлеринин даярдыгы жана нөөмөттөрдүн уюштурулушу текшерилүүдө.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарда бейтаптарды тиешелүү медициналык мекемелерге жеткирүү маршруту жана саламаттык сактоо уюмдары менен мамлекеттик кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнө көңүл бурулууда.

Министрлик оюндар өтүп жаткан мезгилде медициналык жардамдын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштерди улантат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар