Башкы беткеМаданиятАмерикалык көк бөрүчүлөр Кыргызстанга келди

Америкалык көк бөрүчүлөр Кыргызстанга келди

АКШнын көк бөрү боюнча улуттук курамасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, америкалык спортчуларды Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын башкы катчысы Кубатбек Аскарбеков жана уюмдун өкүлдөрү тосуп алышкан.

Кураманын капитаны Ледд Фоувел жетектеген команда 9 оюнчудан турат. Спортчулар Бишкекте болуп, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган «Бишкек Аренага» барышты.

Команда 26-августта Чолпон-Ата шаарына жөнөп, ал жерде окуу-машыгуу өткөрөт.

Белгилей кетсек, АКШнын көк бөрү боюнча курамасы Көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Быйыл команданын Кыргызстанга келүүсүнө байланышкан чыгымдарды Эл аралык көк бөрү ассоциациясы каржылады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар