Башкы беткеЭкономикаКытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолундагы эң бийик көпүрө Сузакта курулууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолундагы эң бийик көпүрө Сузакта курулууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун алкагында 122 метрлик эң бийик көпүрө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында курулуп жатат. Бул тууралуу ”Чайна Рэйлвей Интернэшнл“ ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кеч-Алат дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн жалпы узундугу 956,67 метрди, эң бийик тирөөчүнүн бийиктиги 96 метрди, ал эми көпүрөнүн жалпы бийиктиги 122 метрди түзөт.

“Бул — темир жолдун бүтүндөй каттамындагы эң бийик көпүрө. Учурда көпүрөнүн пайдубалынын баары толугу менен бүткөрүлдү. Тирөөчтөрдүн жана жээк таянычтарынын курулушу 54 пайызга аткарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан  тышкары, ушул эле участкада эң кыскасы 3,5 чакырым, ал эми эң узуну 13 чакырымга жеткен бир нече тоннель курулуп жатат.

Буга чейин эч жерде жарыяланбаган курулуштун жүрүшү бонча эксклюзивдүү видео кадрларды “Кыргыз Туусу” маалымат басма-үй биринчилерден болуп сиздерге тартуулайт. Аларды биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан көрө аласыз.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар