VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтө турган “Бишкек Арена” стадионунун айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Бишкек Арена» стадионунун айланасына 642 түп акация, 3 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүлдөр отургузулду.
“Жашылдандыруу иштери аймактын көркүнө көрк кошуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата Ленин районунда тиешелүү аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылууда.



