1–5-сентябрь күндөрү Кырчын капчыгайындагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында масштабдуу маданий жана спорттук программа өтөт. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттер, этномаданий фестивалдар, улуттук оюндар, сынактар, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, көргөзмөлөр жана улуттук тамак-аштардын жарманкелери уюштурулат.
1-сентябрда эл аралык маданий-туристтик “Этно-Базар” ачылат. Анда көчө артисттеринин өнөрлөрү тартууланып, кол өнөрчүлөр жана ашпозчулар мастер-класстарды өткөрөт. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын презентациясы жана “Шамал-фест” фестивалы өтөт.
2-сентябрда “Кут Ордо” башкы сахнасында “Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас” программасы ачылып, “Дүйнө-Өмүр” театралдаштырылган спектакли көрсөтүлөт. Этно бурчтарда улуттук тамак-аш, кыргыз боз үйлөрү жана кол өнөрчүлөр арасында сынактар өтөт.
3-сентябрь этномаданий салттарга жана элдик чыгармачылыкка арналат. Бул күнү этникалык музыка, бий жана улуттук кийимдер боюнча сынактар уюштурулуп, кыргыз элинин каада-салттары көрсөтүлөт.
4-сентябрда эл аралык айтыштын финалы, спорттук мелдештер жана эстафеталар өтөт. Ошондой эле “Кыз-жигит Сармерден” программасы улантылат.
Маданий программанын жабылышы 5-сентябрда өтүп, “Кут Ордо” сахнасында концерт уюштурулуп, республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланат.
Мындан тышкары, беш күн бою спорттук аянтчада ордо, ат марафону, жаа атуу, бүркүт жана куш салуу, таяк тартыш, аркан тартыш, стронгмен, армрестлинг жана улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Ошондой эле салттуу спорттун айрым түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар уюштурулат.



