Башкы беткеМаданиятVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын дизайны көрсөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын дизайны көрсөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүнө тапшырылчу алтын, күмүш жана коло медалдардын расмий дизайны сунушталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, медалдардын дизайны көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясына негизделип, анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы чагылдырылган.

Медаль эки беттен туруп, атайын орноткучу менен бир комплектти түзөт. Ал медалды тагынып жүрүүгө да, өзүнчө коюп сактоого да ылайыкташтырылган.

Уюштуруучулардын белгилешинче, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге ээлерине дал ушул өзгөчө дизайндагы медалдар тапшырылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар