2–4-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт.
Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери уланып келе жаткан руханий-маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
Айтышка Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү төкмө акындары катышып, тапкычтыгын, курч сөзүн жана импровизациялык чеберчилигин көрсөтүшөт. Өнөрпоздор комуздун коштоосунда эки элдин тарыхын, достугун жана биримдигин, ошондой эле коомдогу актуалдуу маселелерди ыр саптарына салышат.
Эл аралык айтыштын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.



