Нарын жана Ат-Башы райондорунда алыскы жайлоолордон малдын белгиленген мөөнөттөн мурда түшүп, айдоо аянттарына кирүүсүнүн алдын алуу үчүн көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Бул максатта Босого аймагындагы “Кулаган-Акташ” участкасында 20-августтан 4-октябрга чейин атайын көзөмөл посту иштейт.
Постто жооптуу кызматкерлер кезекчилик кылып, аймактагы кырдаалга көз салууда. Ошондой эле малчыларга жайлоодон белгиленген мөөнөттө түшүү жана айдоо аянттарына мал киргизбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Көзөмөл чаралары айыл чарба өсүмдүктөрүн малдан коргоого, дыйкандардын эмгегин сактоого жана түшүмдүн зыянга учурашын алдын алууга багытталган.



