Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын пардаларына чет өлкөдө суроо-талап күчөдү

Кыргызстандын пардаларына чет өлкөдө суроо-талап күчөдү

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 558,6 миң чарчы метр терезе пардалары жана аларга тиешелүү жасалгалар экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү болгону 2,7 миң чарчы метрди түзгөн. Бир жыл ичинде парда экспорту дээрлик 207 эсеге көбөйгөн.

Кыргызстанда өндүрүлгөн пардалардын негизги бөлүгү Орусияга жөнөтүлгөн — 536 миң чарчы метр. Андан кийинки орунда Өзбекстан турат, ага 22,4 миң чарчы метр продукция экспорттолгон.

Мындан тышкары, кыргызстандык пардалардын аз көлөмүн Италия жана Ирландия да сатып алган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар