Башкы беткеМаданиятМанас шаарында Көчмөндөр оюндарынын ачылышы түз эфирде көрсөтүлөт

Манас шаарында Көчмөндөр оюндарынын ачылышы түз эфирде көрсөтүлөт

Манас шаарындагы «Азаттык» аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, иш-чара 31-августта саат 20:00дө башталат. Ачылыш аземинин түз эфири аянтка орнотулган чоң экран аркылуу көрсөтүлөт.

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык программага киргизилген.

Шаар тургундары жана коноктору Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин аянттан чогуу көрө алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар