2006-жылга чейинки үлгүдөгү АКШ долларын Кыргызстандан чет өлкөгө алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Тиешелүү чечим Улуттук банктын башкармалыгынын 24-августтагы жыйынында кабыл алынган.
Уруксат эски үлгүдөгү банкнотторду чет өлкөдө башка нак же нак эмес АКШ долларына алмаштыруу максатында аларды Кыргызстандан алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Улуттук банк казак теңгеси менен жүргүзүлгөн операцияларга байланыштуу убактылуу тартипти күчүн жоготту деп тапты. Мунун негизинде нак казак теңгесин сомго карата сатып алуу курсун белгилөөдө мурда колдонулган чектөө алынып салынды.
Тиешелүү токтомдор Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.



