Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧек ара кызматынын ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата даярдыгы текшерилди

Чек ара кызматынын ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата даярдыгы текшерилди

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алимбаев «Манас» эл аралык аэропортунда жана бир катар көзөмөл-өткөрүү пункттарында кызмат өтөп жаткан өздүк курамдын алдыдагы ири эл аралык иш-чараларга даярдыгын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чек ара наряддарынын кызмат өтөөсү, өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдүн уюштурулушу жана кызматтык тартиптин сакталышы каралды. Өзгөчө көңүл Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында коопсуздукту камсыз кылууга бурулду.

Алимбаев өздүк курамга кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу, чек ара көзөмөлүнүн сапатын жогорулатуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды талаптагыдай уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар