Кыргызстанда жарандар сот органдарына кайрылууда мамлекеттик алымды онлайн төлөй алышат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөнүүчү алымдын суммасын так эсептөө үчүн sot.kg порталында атайын онлайн-калькулятор ишке киргизилген. Ал арыздын же доо арыздын категориясына жараша төлөнө турган сумманы автоматтык түрдө эсептеп берет.
Төлөмдү жүргүзүү үчүн жарандар алгач портал аркылуу сумманы эсептеп, андан соң «Түндүк» тиркемесиндеги же мамлекеттик кызматтар тутумундагы «Алымды төлөө» бөлүмү аркылуу банк тиркемесинен төлөй алышат.
Жогорку сот төлөм жүргүзүүдөн мурун аты-жөнүн, реквизиттерди жана сумманы кылдат текшерүүнү эскертет. Төлөмдүн статусу «Төлөндү» деп өзгөргөндөн кийин гана транзакция ийгиликтүү аяктады деп эсептелет.



