Башкы беткеКоомVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты

“Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын “Volunteer” санариптик тиркемесин иштеп чыкты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жаңы тиркеме ыктыярчылардын ишин жеңилдетип, оюндар өтүп жаткан учурда зарыл маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берет.

Тиркеме аркылуу ыктыярчылар иш-чара өтүүчү аянтчаларда багыт алып, программалар, иш-чаралардын убактысы жана башка маанилүү маалыматтар менен тааныша алышат.

Ошондой эле “Volunteer” тиркемесинде кайрылууларды жөнөтүү функциясы каралган. Кандайдыр бир көйгөй же өзгөчө кырдаал жаралган учурда билдирүү тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, ыкчам чара көрүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар