VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору, UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди.
Спортчу Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган маанилүү мелдештерге катышып, бир катар иш-чараларга күбө болот.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүүдө. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат.



