Ош шаарында уй жана кой этинин баасын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эт сатуучу жайлардагы баалар көзөмөлдөнүп, сатуучуларга белгиленген чектен жогору баада сатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгиленген талаптарга ылайык, сөөгү менен кошо эсептегенде уй этинин баасы 770 сомдон, кой этинин баасы 880 сомдон ашпоого тийиш.
Мэриянын маалыматына караганда, эт сатуучу жайларда баалардын белгиленген чектен ашпашына көзөмөл мындан ары да улантылат.



