Башкы беткеЭкономикаКыргызстан Кытайдан соода-логистикалык борбор үчүн жер сатып алды

Кыргызстан Кытайдан соода-логистикалык борбор үчүн жер сатып алды

Кыргызстан Кытайдын Сиань шаарынан соода-логистикалык борбор куруу үчүн 9 гектар жер тилкесин сатып алды. Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-кытай бизнес-форумунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган жерде Сиань–Кашкар–Ош багыты боюнча соода-логистикалык борбор куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Ош шаарында да транзиттик-логистикалык борбор түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар