Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев эки өлкөнүн ортосунда Өнөр жай кооперация борборун түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, жаңы түзүлө турган борбордун негизги милдети — ишенимдүү өнөктөштөрдү аныктоодон жана долбоорлорду түзүмдөштүрүүдөн баштап, инвестиция тартууга жана өндүрүштү ишке киргизүүгө чейинки биргелешкен долбоорлорго ар тараптуу практикалык колдоо көрсөтүү болмокчу.
Муну менен катар Темир Сариев жакынкы 2-3 жыл аралыгында Кыргызстанда кытайлык инвестиция жана заманбап технологиялардын негизинде 100 жогорку технологиялуу ишкана түзүү демилгесин көтөрдү. Бул долбоор болжол менен 1 миң жаңы жумуш ордун ачууга жана өлкөдөгү чакан жана орто бизнести активдүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы кытайлык ишкерлерди Кыргызстанды 7,5 миллион калкы бар ички рынок катары гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин жана Борбор Азиянын кеңири рынокторуна чыгуу үчүн маанилүү стратегиялык аянтча катары кароого чакырды.
Ал эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлору үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүү, жогорку технологиялуу жеңил өнөр жай, машина куруу, курулуш материалдарын чыгаруу, “жашыл” энергетика, электроника, санариптик технологиялар жана жасалма интеллект эң перспективдүү багыттар болуп саналарын баса белгиледи.



