Улуттук телерадиоберүү корпорациясында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында «Улуу максаттарды көздөгөн көз караштар шайкештиги – өнүгүүнүн жаңы жолу» аттуу эл аралык медиафорум өтүүдө.
Форумга ШКУга мүчө жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн 20га жакын мамлекеттин медиа жетекчилери, журналисттер, эксперттер жана башка өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да иш-чарага катышууда. Жалпы катышуучулардын саны 100дөн ашат.
Форумда ШКУ алкагындагы маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиалар аралык тажрыйба жана контент алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланууда.




