Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлүп, саясий-дипломатиялык байланыштар менен катар экономика, соода, инвестиция, айыл чарба, медицина, билим берүү, илим, маданият жана маалымат тармактарын да кеңири камтый баштады.
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири – “Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун түзүлүшү. Аталган документ эки өлкөнүн маалымат каражаттарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого, тажрыйба жана медиаконтент алмашууга, кыргыз-кытай мамилелерин коомчулукка кеңири жана объективдүү чагылдырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстандын тарыхый басылмаларынын бири болгон «Кыргыз Туусу» өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда өзгөчө орунду ээлейт. Басылма мындан ары да Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чагылдырган маанилүү маалымат аянтчаларынын бири боло алат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен China Media Group ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандумга жетишилиши маалымат мейкиндигиндеги байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун мааниси чоң.
Бул документтердин бардыгы эки өлкөнүн ортосундагы маалыматтык жана гуманитардык байланыштарды системдүү түрдө өнүктүрүүгө багытталган.



