Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Египет соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Египет соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтет

2026-жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Египеттин экономикалык маселелер боюнча премьер-министрдин орун басары Хуссейн Эйсса менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-египет соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.

Тараптар өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын кеңейтүүгө жана инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, энергетика, туризм, фармацевтика жана башка перспективдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаровдун Египетке жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын маанилүү механизми болгон Кыргыз-Египет өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүү жана келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар